Лайк баскандан эрингендер: SMM-адистин жанын кашайткан 10 нерсе

© AFP / GERARD JULIENFacebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив
Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул макала соцтармактарды колдонгон бардык окурмандарга арналат. SMM адис — бул кылаарга иши жоктугунан мышыктардын же сулуу кыздардын сүрөттөрүн бөлүшүп отурган адам эмес. Бул кадимкидей эле күчтү жана нервди талап кылган жумуш.

Social media marketing — сыйкыр эмес. SMM-адис болуу үчүн күнү-түнү интернеттен чыкпай, Facebook аркылуу беш миң дос чогултуп алуу дагы жетишсиз. Мыкты эсэмэмчи товарды сунуштоо жагынан чебер жана өтө чыдамкай болот. Себебин Sputnik Кыргызстан агенттигине атын атагысы келбеген адис айтып берди.

Фитнес клубда машыгып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Фитнес машыктыруучунун кыжырын кайнаткан беш адат
1. Көңүлкоштук кыжырыңды келтирет. Аракет кылып текст жазасың, сүрөт тандайсың, анан албетте кимдир-бирөөлөр реакция кыларына ишенесиң, негативдүү болсо да күтөсүң. Бирок жымжырт… "Лайк" менен репостко анча сараң болбогулачы.

2. Кыргызстандыктарды жалаң негативдүү жаңылыктар кызыктырганы жин келтирет. Өлүм, зордуктоо, уурулук жөнүндө жарыяласаң дароо баса калышат дагы, позитивдүү, пайдалуу жаңылыктарды окумак түгүл, "лайк" да басып коюшпайт.

3. Макаланы окубай туруп эле каргап-шилеген комментарий калтырганды качан токтотобуз? Кудай үчүн деле темадан ылдый дагы бир аз окуп койгонго үйрөнөлүчү.

4. Орто жерден "кыпчыла" калгандарды жөн эле колго чапкың келет. Каада-салт тууралуу талкуу болуп аткан жерге кире калып "унаа сатам" дегендер өздөрүнүн дагы, башкалардын дагы убактысын текке кетирет. Соцтармак — маалыматтык таштанды челек эмес!

5. Эсэмэмчи бул программист же инженер эле деп ойлогондор жинге тиет. SMM-адистер соцтармактарда маркетинг уюштурабыз.

6. "Дивандан түшпөгөн серепчилер" башты оорутат. Алар үчүн "SMM-адис кыларга иши жоктугунан интернетте мышык менен сулуу кыздардын сүрөтүн бөлүшүп отурган киши. Ага көп акылдын деле кереги жок". Чындыгында бул иш көп эмгекти талап кылат. Пост бөлүшкөндөн тышкары, KPI (Ред.: эффективдүүлүктүн көрсөткүчү) көрсөткүчтү көтөрүү үчүн эмне кылуу керектигин анализдейсиң. Азыркы "эрке-талтаң" колдонуучулардын көңүлүн буруу оңой эмес.

Досрочная сдача ЕГЭ по математике в Омске - Sputnik Кыргызстан
Тойдум! Студенттердин жинине тийген 8 учур
7. Жеке баракчасы аркылуу "мен сынак" дегендин баарына катыша берген колдонуучулар эсэмэмчилердин жанын кашайтат. Буга чейин 1000 жолу катышып, жеңилип калган мисалдардан сабак ала элексизби? Андан көрө мышыктардын сүрөтүн бөлүшүп туруңузчу.

8. Лентага бири-бирине коендой окшош сүрөттөрүңүздү иле берүүнүн таптакыр зарылдыгы жок. Кандай сулуу экениңизди эл бир сүрөттөн деле көрө алат.

9. SMM-адис сыйкырчы эмес, ал сизди эки күндүн ичинде акчасы чөнтөгүнө баттпаган жылдыз кылып кое албайт. Соцтармактарда ийгиликке жетүү үчүн убакыт жана каражат керек. Жакшылап иштелип чыккан контент-план менен SMM-стратегия болсо андан жакшы.

10. Соцтармактарда сааттап убактысын короткондор айланы кетирет. Уюлдук телефонун бир нече саат тиктеп отурганга өкүнбөй, жакындары менен кетирген мүнөттөрүн санаган кишилер нервди кашайтат да. Ойлонуп көрсөңүз, балким жаныңызда эле мээримиңизге зар болгон жакыныңыз отургандыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0