00:06 24 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Бишкек шаарындагы Медеров жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн ээси мамлекеттик желекке аяр мамиле жасабаган

Мэрия: мамлекеттик желек Бишкектеги дүкөндөрдүн биринде тосмо катары колдонулган

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Коом
Кыскача шилтеме алуу
14612

Мамлекеттик тууну мазактагандарга карата мыйзам боюнча айып пул же эркинен ажыратуу каралган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Медеров жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн ээси мамлекеттик желекке аяр мамиле жасабагандыгын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Дүкөндө иштегендер желекти тосмо катары колдонуп келишкен. Мындай аракет мамлекеттик символикаларга сый-урмат менен мамиле жасабагандык катары эсептелет. Бул фактыны Санитардык-экологиялык инспекциясы рейд учурунда аныктаган. Андагы кызматкерлер желекти алып салууга каршылык көрсөтүшкөн.

Бишкекте желек күнун белгилөө
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары жана өлкө аймагындагы башка кишилер мамлекеттик символдорго сый-урмат менен мамиле кылууга милдеттүү. Желек, герб же гимнди мазактагандар мыйзам боюнча жоопко тартылат. Кылмыш кодексине ылайык, 5-10 миң сом айып пул же бир жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Дүкөн ээсине карата азырынча эч кандай чара көрүлө элек.

Эске салсак, 3-март Мамлекеттик туу күнү катары 2010-жылдан тарта белгиленип келет. Быйыл ага 25-жыл толду.

Тема боюнча

Баткен шаарына облустагы эң чоң туу көтөрүлдү
Белгилер:
желек, Бишкек мэриясы, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ