Бишкектин айрым көчөлөрү 6-7-мартта убактылуу жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников ПМ Бишкека
Работа сотрудников ПМ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны учурунда калаанын негизги жолдоруна маал-маалы менен чектөөлөр коюлат.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкектин айрым көчөлөрү 6-7-мартта убактылуу жабыларын Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы билдирди.

Бул күндөрү Бишкекте ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин премьер-министрлеринин жыйыны өтөт.

Убактылуу чектөө Фучик, Абдрахманов, Фрунзе көчөлөрүнө жана Жибек Жолу, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов проспектилерине киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0