БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Kyrgyz Concept туристтик агенттигинин негиздөөчүсү, убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Эмил Үмөталиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Аны "Ата Мекен" фракциясынын камакка алынган лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча чакырышкан. Анын чоо-жайы тергөөнүн купуялыгы үчүн маалымдалган жок. Үмөталиев азыр УКМКдан кетти.Белгилей кетсек, Текебаев "коррупция" беренеси боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 25-апрелге чейин камакка алынган.
Эл өкүлү 2010-жылы убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда Россиядагы телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевскийге MegaCom компаниясын алууга жардам берем деп бир миллион доллар алган деп айыпталууда. Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгосо, тергөө иштерин УКМК жүргүзүүдө.