Сулуу болуш аста-аста... Заманбап сулуулук канча турат?

Жазылуу
Убакыттын өтүшү менен сулуулук искусствосу түрдүү өзгөрүүлөргө дуушар болуп келет. Азыр кыздар көздөрүнө, эриндерине, каштарына татуаж чийдирип, кирпик коштуруп, чач улап алды дейбизби, айтор, жаңылануу арбын.

Кыргызстанда сулуулук салонунун кызматы гүл сатуучу дүкөн, тойкана, дарыкана сыяктуу эле күнү бүтпөй турчу тармак экени маалым. Биз учурдун талабына ылайык сулуу болуп жүрүү канча тураарын адистерден сураштырып көрдүк.

Журналист Гүлдана Талантбекова сулуулук салондорунун кызматынан тарта пластикалык хирургдун ишине чейин көз салып көрдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВизажист Жибек Кудайбергенова: макияжды азияттардын же европа тибиндегилердин келбетине жарашкыдай кылып жасоо үчүн жалпы эрежелерди сактанабыз
Бизнес на красоте в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Визажист Жибек Кудайбергенова: макияжды азияттардын же европа тибиндегилердин келбетине жарашкыдай кылып жасоо үчүн жалпы эрежелерди сактанабыз

Визажист Жибек Кудайбергенова: макияж – бул косметикалык каражаттардын жардамы менен бетти жасалгалоо. Макияж беттеги айрым кемчиликтерди жашыруу максатында жасалат деген туура эмес. Азыркы заманда чырайлуу болуп жүрүү ар бир айымдын милдети деп ойлойм.

Модель Айсулуу Молдалиева и актриса Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Нукура жүз: кыргызга таанымал кыз-келиндердин боёксуз жүзү сүрөттө
Сулуулук салондоруна күндүзгү, салтанаттык жана үлпөт тоюна жасалуучу макияж үчүн көп кайрылышат. Айырмасы күндүзгү макияж жеңил, салтанат-тойлорго тескерисинче косметикалык каражаттар коюураак коюлуп, көзгө дароо байкалгандай жасалат. Кыргызстандыктар окшош боёнот деген талаш пикир бар. Себеби макияж көзгө карап жасалгандыктан, азияттардын же европа тибиндегилердин келбетине жарашкыдай кылып жасалуучу жалпы эрежелерди сактанабыз. Ошондуктан бир караганда баары окшош көрүнүшү мүмкүн.

Макияжды жасоо техникасынын оор-жеңилине, колдонулган косметикалык каражаттардын сапатына, жумшалган чыгымына жараша баасы коюлат. Жалпысынан 700-800 сомдон жогору. Ал эми үлпөт тоюна жасалуучу макияждар 2000 сомдон өйдө бааланат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТатуаж жасоо боюнча мастер, лешмейкер Мээрим Токсонбаева: каштын жардамы менен беттин, көздүн, мурундун формасын өзгөртүү толук мүмкүн
Бизнес на красоте в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Татуаж жасоо боюнча мастер, лешмейкер Мээрим Токсонбаева: каштын жардамы менен беттин, көздүн, мурундун формасын өзгөртүү толук мүмкүн

Татуаж жасоо боюнча мастер, лешмейкер Мээрим Токсонбаева: Каштын жардамы менен беттин, көздүн, мурундун формасын өзгөртүү толук мүмкүн. Кашты коррекциялоо 150 сомдон жогору турат. Бир канча убакытка табигый боек менен боётуу 250 сомдон башталат.

Кыргызстандык модель Ясмин Лунианга Диеудонне Али маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балталык кара тору модель бийкеч: 100 кг салмакты көтөрө алам
Татуаж — кашты косметикалык ыкмалар менен чийип жасоо. Мурда татуажды кашы анча билинбеген, келбетине өтө канааттанбаган, жашы өтүп бараткан айымдар жасатса, учурда жаш кыздар деле убакытты үнөмдөө, дайыма бир калыпта жүрүү максатында колдонуп калышты. Татуаж жасаларда каштын ары-бери жагы белгиленип, жарашыгына карап формасы жана түсү аныкталат. Анан терини чеккендеги ооруну сездирбей турган атайын май же гель сүйкөлөт. Андан соң гана аспаптын учундагы ийне аркылуу теринин астына боёк куюла баштайт. Көпчүлүк салондордо табигый хна менен гана жасашса, кээ бирлеринде атайын химиялык кошулмалары бар боёктор менен жасалат. Каш татуажынын түрлөрү көп. Алардын бири чийилген форманын ичин толук боёо, экинчиси каштын ар бир талын тартып чыгуу.

Ал эми оозго, көзгө жасалган татуаждар өз ичинен бөлүнөт. Маселен, эриндерди жөн гана четин чийдирип же болбосо толук боётууга мүмкүн. Ал эми көздү көпчүлүк учурда үстүнө бир сызык кылып чийдиришет. Татуаж бир эле жолу жасалуучу процесс эмес. Жасалган соң 2-3 жолу коррекцияланат. Наркы жалпысынан 3000 сомдон жогору. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСулуулук бизнеси
Бизнес на красоте в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Сулуулук бизнеси

Татуажды ден соолугу чың адамдар гана жасата алат. Мисалы кант диабети менен жабыркагандарга, кош бойлуу аялдарга, эмчек эмизгендерге, аллергиясы барларга, этек кири келип жаткандарга, сасык тумоо менен ооруган учурда жасалбайт. Татуаж убакыттын өтүшү менен өңүн жоготуп коёт. Ошондой эле татуажды өчүрүп салууга мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн адистерге кайрылсаңыз болот.

Кирпик чаптоонун классикалык 2D, 3D, 4D түрлөрү бар. Классикалык түрү өз кирпигиңизден өтө айырмаланбайт, кийинкилери эки эсе, үч эсе, төрт эсе деп кете берет. Кирпик коштуруунун эки түрү бар: ар бир кылын бирден чаптап чыгуу жана толугу менен чаптоо. Чапталган кирпик сапатына жараша эки жумадан 1,5 ай убакытка чейин чыдайт. Жасалма кирпикти дайыма чаптатып жүрүү өз кирпиктериңиздин түшүшүнө алып келет. Мончого түшкөндө кирпик кошо түшүп калат деген жаңылыштык. Болгону кайрылган форма сынынан кетип түз болуп калышы мүмкүн. Кирпигиңизди 700-3500 сомго чейин узартсаңыз болот. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТырмак жасоо боюнча адис Арфаниди Анна: чебер болуш үчүн бир гана кесипкөй адис эмес, психолог да болгон оң
Бизнес на красоте в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тырмак жасоо боюнча адис Арфаниди Анна: чебер болуш үчүн бир гана кесипкөй адис эмес, психолог да болгон оң

Тырмак жасоо боюнча адис Арфаниди Анна: Тырмак жасоо боюнча чебер болуш үчүн бир гана кесипкөй адис эмес, психолог да болгон оң. Ар кандай кардарлар туш келет. Эң башкысы кардар эмне каалап жатканын билиш керек. Биздин тапкан каражаттарыбыз дагы туруктуу эмес. Маселен, кыш мезгилинде иш басаңдап, капчыгыбыз жукара түшөт.

Шеллак. Азыр тырмакка шеллак жасатуу кеңири жайылып баратат. Аны жасатып алсаӊыз, бир айга чейин тырмагыӊыздын боёгу өчпөйт. Алгач лактын алдына коюлуучу суюктукту сүйкөп, лак менен боёп анан атайын лампага кургатылат. Бул өз кезегинде күндө тырмакты боеп туруу машакатынан арылтат. Баасы 500 сомдон жогору. Шеллакты алдыруу 150 сом.

Маникюр колдун, педикюр буттун — тырмактарын гигиеналык, косметикалык жактан тазалап багуу. Адегенде эски лактын калдыгын ацетон менен кетирип, тырмакты кайчы же кыпчуур менен каалаган узундукта кыскартат. Кыска, жоон манжалардын тырмагын узунураак, ичке манжалардыкын тегерек кылып алынат. Тырмак илинбес үчүн бир багытка өгөөлөнөт. Мындан соң тырмактын тегерегин майлап, калакча менен терисин түртүп, аны жумшартуу үчүн манжаларды бир нече мүнөт самындуу жылуу сууга малат. Анан суудан чыгарып, аарчып, жумшаган терини кичине кайчы менен, тырмактын кычыктарын атайын кескич менен кесет. Узун тырмактарды түбүнө чейин лактоого болбойт. Тырмактын ортосун гана узун тилке түрүндө боёо сунуш кылынат. Маникюр жасоодо санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо зарыл. Жасоочу аспаптар этил спирти же атайын эриткич менен дезинфекцияланат. Маникюр 250-300 болсо, педикюр 400 сомдон өйдө бааланат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЧач боюнча адис, стилист Асел Эсенбекова: айымдар акыркы убакта узун жана өңү табигый күрөң түстөргө ыктап калышты
Бизнес на красоте в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чач боюнча адис, стилист Асел Эсенбекова: айымдар акыркы убакта узун жана өңү табигый күрөң түстөргө ыктап калышты

Чач боюнча адис, стилист Асел Эсенбекова: Чындыгында чач адамдын көркүн ачат. Сулуулук салондорунда чач үчүн жүздөгөн кызматтарды ойлоп табышкан. Албетте, ар бир салон өзүнө ылайыктуу бааны коет. Убакыт тар болуп жатканда чачты жөн гана жуудуруп кетүү 250 сом турат. Кырктыруунун баасы чачтын узундугуна карата коюлат. Жасалма чач чаптоо түрүнө жараша 2500дөн 15000ге чейин болот. Иш-чаралардан тарта шөкөттөлгөн тойлорго чейин чачты түрлөп жасатуу 1000 сомдон башталат. Чачты боётуу узундугуна, сапатына, тандаган өңүнө жараша 2000-8000 сомго чейин болот. Азыр чачты бир канча убакытка түздөтүп коюу актуалдуу. Баасы 3000 сомду түзөт. Айымдар акыркы убакта узун жана өңү табигый күрөң түстөргө ыктап калышты. Жаш кыздар арасында чачты омбре кылуу дагы деле популярдуу. Мында чачтын жарымы же учу башка боекко салынып, жарымы баштапкы өңдү түзөт. Орточо баасы 1500 сом. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач-косметолог Ушурова Рабия: косметолог-дарыгер ар кимдин терисине ылайыктап масканын курамын дайындайт
Бизнес на красоте в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Врач-косметолог Ушурова Рабия: косметолог-дарыгер ар кимдин терисине ылайыктап масканын курамын дайындайт

Врач-косметолог Ушурова Рабия: Убакыттын өтүшү менен адамдардын косметологдорго болгон талабы жогорулап, биздин иштөө ыкмабыз да өсүп барат. Мен сиздерге косметологияга көп талап кылынган түрлөрүн тизмектеп берейин.

Пластический хирург Султан Тукешов - Sputnik Кыргызстан
Пластикалык хирург: сурма чыгарам деп көзүн ийне менен тытып алган кыздар толтура
Пилинг — косметологияда беттеги ар кыл тактарды, тырыктарды жок кылуу, безеткиден арылуу, агаруу жана жашаруу максатында жасалат. Пилингдин түрлөрү абдан көп. Бирок бул каалаган адамга эле жасала бербейт. Алгач текшерүүдөн өткөрүлүп анан жасалат. Себеби, беттеги мүчүлүштүктөрдүн пайда болушуна көп учурда ички органдардын оорулары да себеп болот.

Пилинг күз-кыш мезгилинде жасалат. Күн жылуу убакта жасаганга болбойт, Анткени тери күндүн зыяндуу нурларына туруштук бере албай калат. Пилингдин баасы дары-дармектердин наркына жана сапатына жараша 1000 сомдон өйдө.

Контурдук пластика, башкача айтканда операциялык жолду унутта калтырып анестезиялык уколдун жардамы менен атайын аспаптар аркылуу оозду чоңойтуу, мурунду оңдоо, бетти тарттыруу болуп саналат. Баасы 9200 сомдон жогору. Мезотерапия бул — теринин катмарына азыктандыруучу заттарды берүү. Баасы 2000 сомдон башталат.

Ал эми косметикалык маскалар беттеги безетки, сепкилди дарылоо, теринин майлуулугун азайтуу же кургап кетүүдөн сактоо, эрте бырыш түшүүнүн алдын алуу максатында жасалат. Анда масканын курамына май, дары заттардан тышкары териге жараша дезинфекциялоочу, жумшартуучу, кургатуучу, агартуучу заттар, витаминдер, гормондор, дары өсүмдүктөрү кошулат. Косметолог-дарыгер ар кимдин терисине ылайыктап масканын курамын дайындайт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДенени күйгүзүү боюнча адис Хаджи Ольга: денени косметикалык жактан күйгүзүү ыкмасы теринин үстүңкү катмарына тегиз өң берет Массажист Асхат Айсарахунов: массаж май жана тер бездеринин иштешине, тери жана тери астындагы май клетчаткаларына, булчуңга жагымдуу таасир тийгизет
Бизнес на красоте в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Денени күйгүзүү боюнча адис Хаджи Ольга: денени косметикалык жактан күйгүзүү ыкмасы теринин үстүңкү катмарына тегиз өң берет Массажист Асхат Айсарахунов: массаж май жана тер бездеринин иштешине, тери жана тери астындагы май клетчаткаларына, булчуңга жагымдуу таасир тийгизет

Денени күйгүзүү боюнча адис Хаджи Ольга: Жаз-жай мезгилинде айымдар ачык кийинип жүргөндүктөн дененин бир беткей өңүнө муктаж болушат. Денени косметикалык жактан күйгүзүү ыкмасы теринин үстүңкү катмарына тегиз өң берет. Күйгүзүүнүн бир канча ыкмасы бар. Бизде солярийлик башкача айтканда капсуланын ичине жаткырып күйгүзүү жана кабинага киргизип чачуучу жабдыктын жардамы менен күйгүзүү ыкмалары колдонулат. Чачуучу жабдык менен күйгүзүү ыкмасы убакытты үнөмдөйт. Алгач денеге фитолосьон сүйкөлүп 1-2 мүнөттөй кургатылат жана бир эле процедура менен жыйынтыкталат. Процедура 5-7 мүнөткө созулат. Сууга жуунууга 7-8 сааттан кийин гана уруксат берилет. Мындай тегиз өң менен 13-14 күн жүрө аласыз. Баасы 2000 сомдон жогору. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМассажист Асхат Айсарахунов: массаж май жана тер бездеринин иштешине, тери жана тери астындагы май клетчаткаларына, булчуңга жагымдуу таасир тийгизет
Бизнес на красоте в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Массажист Асхат Айсарахунов: массаж май жана тер бездеринин иштешине, тери жана тери астындагы май клетчаткаларына, булчуңга жагымдуу таасир тийгизет

Массажист Асхат Айсарахунов: Косметикалык дарылоочу жайда жалпы гигиеналык жана баш, бет, моюнга массаж жасалат. Косметикалык массаж адамдын организмине нерв жана кан айлануу системаларына таасир тийгизет. Май жана тер бездеринин иштешине, тери жана тери астындагы май клетчаткаларына, булчуңга жагымдуу таасир тийгизет; кан айлануу, зат алмашуу процесстерин күчөтөт. Массаж териге бырыш түшүүнү алдын алуу жана айрым ооруларды дарылоо максатында жасалат. Адатта биз массажга көп маани бербей, аны адамга жагымдуу сезим тартуулаган, чарчаганда эс алдыруучу кол менен укалоону элестетебиз. Адамдын денесиндеги точкаларды таап жасоо массажы дагы сулуулук үчүн өтө пайдалуу. Сулуулук бир гана бетти боёо эмес, ден соолукту чыңдоо болуп да эсептелинет. Мындай массаждардын баасы саатына жараша 500 сомдон жогору. 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаСултан Тукешов: кыргызстанда пластикалык хирургиянын ичинен блефоропластика, башкача айтканда сурма чыгаруу кеңири жайылган
Пластический хирург Султан Тукешов - Sputnik Кыргызстан
Султан Тукешов: кыргызстанда пластикалык хирургиянын ичинен блефоропластика, башкача айтканда сурма чыгаруу кеңири жайылган

Эстетикалык хирургия медицинанын тармагы катары биздин өлкөдө акыркы жылдары өнүгүүдө. Негизинен мурун, эрин, кулактагы түрдүү кемтиктерди оңдоо; кал, мең, татуировка жана бырыштарды кетирүү үчүн косметикалык операция жасалат. Биз бул тууралуу пластикалык хирург Султан Тукешовдон сураштырып көрдүк.

— Кыргызстанда пластикалык хирургиянын ичинен блефоропластика, башкача айтканда сурма чыгаруу кеңири жайылган. Негизи эле азиат өлкөсүндө кош кат сурма чыгаруу биринчи орунда турат десем жаңылышпайм. Сурма жасоого болжолу менен бир сааттай убакыт кетсе, бир-эки айда толук өзүнө келет. Азыр европа жана азиат тибиндеги сурмалар көбүрөөк жасалат. Бирок учурда популярдуу болуп жатканы — бул бийик жасалган араб сурмалары.

Медицина илимдеринин доктору, академик, дүйнөлүк ортопедияга салымы зор профессор Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков: жигитине жагыш үчүн боюн узарткан кыздар бар
Липофилинг деген бар. Мында майларды ашыкча жерден сордуруп алып бырыштары же болбосо майдын көлөмүнүн төмөндүгү кездешкен жерлерге куюлат.

Кулакка операция жасаткандар көп. Айрым кыз-келиндер кулагынын формасына канааттанбай чачын жайып жүрүүгө мажбур. Ошол себептен биз кичирейтип же ичкертип беребиз. Жаакты кичирейтүү, формасын узартуу бизде такыр эле жок. Бул азыр Кореяда кеңири жайылган операция.

Пластикалык хирургия арзан тармак эмес. Чет өлкөдөн келген материалдар, имплантанттар, май алмаштыруучу аппараттарды колдонуу чоң акчаны талап кылат. Кымбат операциялардын катарына төштү чоңойтуу, майды которуштуруулар кирет. Бизде бул тармак жаңыдан өнүгүп келе жатат. Кызыгып сурап калышат. Бирок көп жасатпайт.

Гигиеналык косметика адам денесинин табигый сулуулугун сактоо максатын көздөйт. Адам бардык курагында сулуу жана сүйкүмдүү боло алат. Ага жетишүүдө ден соолукту сактоо жана чыңдоо чоң мааниге ээ.

Индияда өткөн Missis Top of the World – 2016 сынагынан бешинчи орунду багындырган Наргиза Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Сулуулук сынагын жеңген таене: аялдын ажарын күйөө ачат
Жаш өткөн сайын организмде зат алмашуу процесси басаңдап, кыймыл азайгандыктан адам толо баштайт. Айрым учурда туура эмес тамактануунун айынан ар кыл курактагы адамдар деле салмак кошо баштайт. Ошол себептен өлкөбүздөгү кесипкөй диетологдордун бири Бактыгүл Иманкулованын маегин сунуштайм. Ал бизге туура тамактануу, диетанын эрежеси жана арыктоонун жолу тууралуу сыр бөлүштү.

— Биз шаар тургандарынан косметикалык каражаттарга болгон көз караштары тууралуу сураштырып көрдүк.

Айзат, 25 жашта: Өз келбетиме ыраазымын, бирок кошумча сулуулук керек деп ойлойм. Көп убакыттан бери кирпик коштуруп, тырмак чаптатып жүрөм. Биринчиден, булар боёнуунун убактысын азайтат. Экинчиден азыр кирпик коштуруу менен кирпикти боёй турчу каражаттын акысы бирдей баада.

Нуржан, 42 жашта: Жаш улуулаган сайын айымдарда картайып баратам деген көйгөй жаралат. Ошол себептен косметологдун кызматына муктажмын. Пилинг жасатып, мезотерапия кылдырып турам.

Асел, 17 жашта: Косметикалык каражаттарды колдонбойм. Жашмын, ошол эле учурда финансылык абалым кошумча сулуу болууга жол бербейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0