03:57 26 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.0754
  • EUR81.2361
  • RUB1.0494
КТРК башчысы Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү

Жумабеков: Илим Карыпбеков басканга жарап калды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Илим Карыпбековдун жол кырсыгына кабылышы (21)
221650

Дарыгер бейтап качан реанимациядан чыга турганын айтуу азыр эртелик кыларын кошумчалады.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) жетекчиси Илим Карыпбеков басканга жарап калгандыгын Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Эске салсак, 1-мартка караган түнү Карыпбеков Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү аркылуу Range Rover машинасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн. Ооруканага оор абалда жеткирилип, бир ирет жүрөгү токтоп, кайра соккон. Ошол эле күнү Минск шаарынан Карыпбековдун апасы учуп келген.

"Илимдин абалы жакшырып, басканга жарап калды. Буйруса ички органдары калыбына келе баштады", — деди Жумабеков.

Дарыгер Илим Карыпбеков качан реанимациядан чыга турганын айтуу азыр эртелик кыларын кошумчалады.

Жол кырсыгына кабылган Илим Карыпбековго биринчилерден болуп жардам берген Тез жардам кызматкерлери менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Тема:
Илим Карыпбековдун жол кырсыгына кабылышы (21)

Тема боюнча

Сабыр Жумабеков: Илимдин абалы күн сайын жакшырууда
Илим Карыпбековдун апасы Минск шаарынан келди
Дарыгерлер Илим Карыпбековду ажалдын оозунан кантип сууруп алганын айтып беришти
Белгилер:
ден соолук, Сабырбек Жумабеков, Илим Карыпбеков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ