Баткенде 160 орундуу бала бакча ачылды

© Фото / Улан МаккамбаевБаткен шаарындагы Кызыл-Жол кварталында "Данектай" аттуу балдар бакчасы ачылды
Баткен шаарындагы Кызыл-Жол кварталында Данектай аттуу балдар бакчасы ачылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кызыл-Жол кварталынын жашоочулары балдарын Баткен шаарындагы балдар бакчасына алып барышчу.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Баткен шаарындагы Кызыл-Жол кварталында "Данектай" аттуу балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине аймактык кабарчы билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аталган аймактын жашоочулары балдарын Баткен шаарындагы балдар бакчасына алып барышчу.

"Данектай" балдар бакчасында 160 бала тарбия алууда, анын ичинен 100 бала кыскартылган мөөнөттө үч саатка келет. Ал эми 60 бала эртең менен саат 8:30дан тарта, кечки 17:00гө чейин окуп жатат. Бала бакча бардык шарты менен салынган", — деди кабарчы.

Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, шаарда 3000дей мектепке чейинки курактагы балдар болсо, алардын 1000ден ашууну гана бала бакчага тартылган. Буга чейин Баткен шаарында эки гана а бакча иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0