Ош: мас адам милициянын унаасын талкалап салды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЛедяной дождь в Казани
Ледяной дождь в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция унаасынын айнектерин талкалоого шектелген жаранга карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

ОШ, 2-мар. — Sputnik. Ош шаарында мас абалындагы адамдардын ортосунда мушташ чыгып, алардын бири милиция унаасынын айнектерин талкалап салган. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматы аймактык кабарчыга билдирди.

Мэрия Бишкека совместно с УПМ наводит порядок возле рынков - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги базарлардын айланасы иретке келтирилүүдө
Маалыматка караганда, 2-мартта калаадагы Исхак Раззаков көчөсүндө жайгашкан кичи базарда мас адамдар мушташып жатканы кабарланып, окуя болгон жерге Кайгуул милициясынын кызматкерлери барган.

Алар мушташып жаткандарды тартипке чакыруу аракетин көрүп жатканда мас жарандардын бири каршылык көрсөтүп, милицияга таандык автоунаанын айнектерин талкалап салган. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголду.

Шектүү катары Баткен облусунун 32 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0