УКМК абагында жаткан Текебаевдин бөлмөсүндө бардык шарттар бар

Жазылуу
Текебаев 27-февралда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 25-апрелге чейин эки айга камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. УКМКнын убактылуу кармоо жайында отурган депутат Өмүрбек Текебаевдин бөлмөсүндө бардык шарттар каралган — камерада стол, стул, муздаткыч, керебет жана керектүү дары-дармектер бар. Зарыл болгон маалда Текебаевге учурунда медициналык жардам көрсөтүү үчүн атайын фельдшер даяр турганын Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор маалымдады.

Митинг сторонников Текебаева у здания Жогорку Кенеша в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эртең "Ата Мекен" митинг өткөрбөйт
Аталган борбордун өкүлдөрү камакка алынган ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөн Чотоновдун абалы менен таанышкан. Алар менен чогуу Башкы прокуратуранын жарандардын сотко чейинки укугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Бактыбек Кетиренов дагы барган.

Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 27-февралда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 25-апрелге чейин эки айга камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Эл өкүлүнө карата Башкы прокуратура "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотонов менен жеке жолугуп сүйлөшкөн.

"Сулаймановдун айтымында, Текебаев өзүнө карата эч кандай кыйноо болбогонун айткан. Эл өкүлү сурак 17 саатка созулганын белгилеп, бул убакыт аралыгында адвокаты менен жолугууга мүмкүнчүлүгү болгонун билдирген", — деп айтылат маалыматта.

Митинги сторонников Омурбека Текебаева у задния КТКР - Sputnik Кыргызстан
Текебаевдин тарапташтары КТРКнын алдында митингге чыгышты
Текебаев ошондой эле Сулайманов менен жолукканда саламаттыгы жайында экенин айткан. Муну менен бирге ал кандын анализин тапшыруу үчүн көз карандысыз дарыгер берүүнү суранып, анализдер Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен текшерилишин өтүнгөн.

УКМКнын убактылуу кармоо жайында отурган Дүйшөн Чотонов дагы эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0