Россия Кыргызстанга жугуштуу оору менен күрөшүүгө жабдуу жагынан жардамдашат

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүЛабораториялык текшерүү. Архив
Лабораториялык текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнкү Россия президентинин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарында өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги менен Роспотребнадзор кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшкан.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россия Кыргызстанга жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө жардамдашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Шейшемби күнкү Россия президентинин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россиянын кардарлардын укугун коргоону көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан.

"Кызматташуунун алкагында Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн материалдык-техникалык жабдуусун карап чыгып, муктаж нерселердин тизмесин Роспотребнадзорго жибермей болду", — деп жазылат маалыматта.

Андан соң Роспотребнадзор Саламаттык сактоо министрлигинин кайрылуусун карап көрүп, тийиштүү жардамдарды көрсөтөт. Аталган министрлик башка тармакта да кызматташууну карап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0