Жылуулук берүү качан токтотулары алдын ала айтылды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылуулук берүүнү токтотуу сутка ичиндеги аба ырайынын орточо температурасынан көз каранды.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкек менен Ош шаарларында жылуулук берүү март айынын орто ченинде токтотулушу ыктымал экенин "Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Велосипед тееп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Март айына карата аба ырайы
Анын айтымында, жылуулукту токтотуу сутка ичиндеги аба ырайынын орточо температурасынан көз каранды.

"Эгер аба ырайынын температурасы үч күн катары менен 8 градустан жогору болсо жылуулук берүү өчүрүлөт. Өткөн жылы 10-мартта токтотулган. Быйыл болсо марттын орто ченине чейин созулушу мүмкүн. Бирок март ичи суук болсо апрелге жылышы ыктымал", — деди Айдаралиева.

Ал белгилегендей, кыш ичи Бишкек менен Оштун жылуулук тармактары жакшы иштеп, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган эмес.

"Бишкек ТЭЦи суткасына 4-6 тонна көмүр керектейт. Бүгүнкү күндө ТЭЦтин аймагында 223 миң 241 тонна көмүр бар. Көмүр, мазут жана газ жеткирүүдө мүчүлүштүктөр болгон жок", — деди маалымат катчы.

Өткөн суткада Бишкек ТЭЦ 4 миллион 171 миң кВт/саат иштеп чыккан. Ал эми мамлекет сутка ичинде 51 миллион 15 миң кВт/саат керектеген. Узаган жылда бул көрсөткүч 37 миллион 276 миң кВт/саатты түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0