Москвадагы өрттөн каза болгон кыз-келиндерге арналып тигилген бактар бүчүр байлады

© пресс-служба мэрии города БишкекБылтыр Моксва шаарында өрттөн каза болгон кыз-келиндердин жаркын элесине арналып, Бишкек шаарында көчөттөрдү тигүү. Архив
Былтыр Моксва шаарында өрттөн каза болгон кыз-келиндердин жаркын элесине арналып, Бишкек шаарында көчөттөрдү тигүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүн жылышы менен "Лагерь" сейил багына Москвадагы өрттөн каза болгон кыз-келиндерге арналган гүлдөр тигилет.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Былтыр Москва шаарында өрттөн каза болгон кыз-келиндердин жаркын элесине арналып, Бишкек шаарында тигилген көчөттөрдүн бири калбай бүчүр байлай баштагынан "Поколение BEST" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нуриля Чекирова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Чет жерде иштеп жүрүп каза тапкан кыздарыбызга эстелик катары 18 зараң багын отургузганбыз. 17си кыз-келиндерге, бири курсакта кеткен балага арналган. Кечээ аквтивистибиз барса, көчөттөр соолуп калбай, бардыгы бүчүр байлап калыптыр", — деди Чекирова.

Пожар на складе в Москве - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы өрттө элди сактап калган жигиттер сыйланды
Ошондой эле Чекирова күндүн жылышы менен аталган сейил бакка ар түркүн гүлдөр тигиле турганын кошумчалады.

Дарактар былтыр ноябрь айында Бакаев менен Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Лагерь" сейил багына шаар мэриясынын уруксаты менен отургузулган. Ошондой эле элден чогулган акчага, каза болгондордун аты-жөнү жазылган эстелик таш коюлган. 

Эске салсак, 27-август күнү Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, андан 14 кыргызстандык кыз-келин жана россиялык үч аял каза болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0