Президент мектеп оңдоого бөлүнгөн каражатты тыкыр көзөмөлдөө керектигин айтты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПодготовка школ к новому учебному году в Казани
Подготовка школ к новому учебному году в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган иштер тууралуу сөз болгон.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Директор средней школы Талды-Суу Осипа Байкова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Осипа Байкова: жаңы мектепке кирип кубанып жатабыз
Жолугушууда өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган иштер тууралуу сөз болгон.

Кудайбердиева билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн, мугалимдердин билимин арттыруу, мектептерди китеп менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Өз кезегинде Атамбаев айрым аймактардагы мектептерге окуучулардын батпай жатканын айтып, мектептерди курууга жана оңдоого бөлүнгөн каражаттарды тыкыр көзөмөлдөө керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0