Текебаевдин иши боюнча парламентке Сегизбаев менен Жолдубаева келмей болду

© Фото / пресс-служба ЖК КР / Ашыркул ОморовБашкы прокурор Индира Жолдубаеванын архивдик сүрөтү
Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү депутаттык комиссия түзүү сунушун киргизди.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча депутаттык комиссия түзүү керек. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске салсак, фракция лидери Өмүрбек Текебаев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 25-апрелге чейин камакка алынган. Башкы прокуратура эл өкүлүнө "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. 

"Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча Евробиримдик, Европарламент кабатыр болуп турат. Кыргыз парламенти маселени карабай койгону туура эмес. Андыктан парламентке УКМК жетекчисин, Башкы прокурорду чакырып суроолорду берели", — деди Шыкмаматов.

Эл өкүлүнүн бул сунуштарын "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаттары, жана КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев колдоого алды.

Демилге күн тартибине киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0