Баткендин облустук ооруканасына жаңы жабдуу берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековIV фестиваль образования в КГМА
IV фестиваль образования в КГМА - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аппараттарды алууга 3,5 миллион сом сарпталып, Кызыл Ай коому менен швейцариялык Кызыл чырым тарабынан каржыланган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Баткен облустук бириккен ооруканасынын көз оорулар бөлүмү жаңы жабдуу менен камсыз болду. Бул тууралуукмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Ымыркайдын колдору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч жашар Айназик операция жасатуу үчүн Москвага эртең учмай болду
Маалыматка ылайык, алынган жабдуулар 3,5 миллион сомду түзүп, Кызыл Ай коому менен швейцариялык Кызыл чырым тарабынан каржыланган.

Ошондой эле жергиликтүү дарыгерлердин жабдууларды өздөштүрүүсү үчүн Бишкектен барган адистер эки айлык окутууларды өткөргөн.

Учурда аппараттарды орнотуу иши жүргүзүлүп жатат. Жакынкы эки айдын ичинде бейтаптарга жаңы жабдуу менен кызмат көрсөтүлө баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0