Сергек жашоо мүнөзүнө үгүттөгөн конкурс өтөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМосковский марафон 2014
Московский марафон 2014 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын максаты —өспүрүмдөрдүн арасында сергек, активдүү жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана жайылтуу.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Сергек жашоо мүнөзүнө үгүттөгөн конкурстар Бишкек шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында бүгүнтөн тарта башталат. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Бул конкурстун максаты — балдардын, өспүрүмдөрдүн арасында сергек, активдүү жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана жайылтуу деп айтылат маалыматта.

Иш-чара аталган фонд жана Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын биргелешкен аракети менен өтүп, ал 10-мартка чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0