Муфтийлик жарышка азырынча үч талапкер катталды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүГорода России. Грозный
Города России. Грозный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда талапкерлерди каттоо иштери уланып жатат.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын муфтийлик кызматына азырынча үч талапкер катталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда каттоо иштери уланууда.

"Учурда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийлик кызмат ордуна үч талапкер катталса, муфтияттын  Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сегиз киши ат салыша тургандыгын билдирди. Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө 54  жаран талапкер катары тизмеге кирди. Алар толук тандалып бүткөн соң атайын түзүлгөн комиссиянын сынагынан өтүшөт", — деп жазылат маалыматта.

Конкурстан тандап алынган талапкерлердин ичинен Кыргызстан мусулмандары 2017-жылдын 4-апрелинде өткөн атайын курултайда муфтийди шайлайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0