Унутта калбаган улуу салт. Отко киргизүү каадасынын мааниси жана азыркы орду

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген кыздар, Архив
Улуттук кийим кийген кыздар, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Отко киргизүү салты түрк тилдүү элде, анын ичинде кыргыздарда байыртадан бери сакталып келе жаткан өзгөчө каадалардын бири. Аталган жөрөлгө жаш жубайларга, жаңы келген келинге карата колдонулуп келет.

Ата-бабадан сакталып калган салттын түпкү маанисин жана улуу мурастын унутулбай уланып келе жаткан себебин Sputnik Кыргызстан иликтеп көрдү.

Отко киргизүү деген эмне?

Тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанкановдун айтымында, жаңы келген келинди жолдошунун ага-туугандары, кошуна-колоң, өкүл ата, апалары жана ата-энесинин жакын санаалаштары үйлөрүнө чакырып, даам сыздырып, андан аркы алака-байланышка жол ачылган.

"Жаңы келген келин күйөөсүнүн туугандарына же кошунасынын үйүнө өз алдынча кирип бара алган эмес. Мындан улам келинди үйүнө чакырып өз шартын жасагандан кийин гана ал үйгө барып кызмат кылып же конокко бара алган", — деди тарыхчы Асанканов.

Анын айтымында, отко киргизүү деп аталып калышынын да себеби бар.

Кыргыз бешиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алдей, алдей... Баланы бешикке бөлөөнүн пайдасы менен зыяны
"От – деген илгертен эле ырыскы, кут деген сөздөр менен маанилеш келген. Мурун көчмөн калк боз үйдө жашап, ортодо от жагып, ага тамак бышырып, үйдү жылытып, айтор, отсуз жашоосу өтчү эмес. Ошондон улам да отко чакыруу үйгө чакыруу деген сөздүн синоними болуп калган", — деди адис.

Дагы бир тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин отко киргизүү салтын жаш жубайларга алардын андан аркы жашоосун ийгиликтер коштосун деген ниет менен бата берүүнүн өтө оригиналдуу жолу деп эсептейт.

"Отко киргизүү жөрөлгөсүнөн соң келин чакырылган үйүнө ээн-эркин каттай алат. Бул — жаш үй-бүлөнү бекемдөө максатындагы байыркы теңирчилик доорунан, отко табынган кезден калган жөрөлгө деп саналган", — деди Тынчтыкбек Чоротегин.

Этнограф менен тарыхчылар отко киргизүүнүн өзүнүн жол-жобосу бар экенин айтып, аларды тизмектеп беришти.

Отко киргизүү салтында сакталган эрежелер

  • Отко киргизүүдө жаңы үйлөнгөндөр сөзсүз түрдө баланын апасы менен келиши керек. Эгер апасы бара албай калса, жеңеси менен баруу шарт болгон;
  • Отко киргизип чакырган үйгө жаңы келин жүгүнүп кирүүсү керек;
  • Келин төргө өтпөй ошол үйдүн келини катары ийменип чай куят, тамак-ашка жардамдашат;
  • Үй ээси уул-келинге бата берип, идиш-аяк, кийим-кече ыроолойт;
  • Отко киргизип чакырганда айрым аймактарда үйгө ак килем же ак төшөнчө салып коет. Бул келинди акжолтой болсун деген маанини түшүндүрөт;
  • Айрым аймактарда жаңы келинди отко киргизгенде арчалайт. Муну менен ырыскылуу, жакшылыкты алып келген келин болсун деп алкашкан.

Отко киргизүү жөрөлгөсүнүн бүгүнкү күндөгү орду

Кызын ойнотуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш балага карата 10 "болбойт"
Отко киргизүү каадасы бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой, сакталып келе жаткан салттардын бири. Бирок анын айрым эрежелери заман талабына жараша өзгөрүп кетти. Мисалы, мындан 5-10 жыл мурда колунда бар адамдар жаш үй-бүлөгө тай-торпок айтса, азыр колунда барлар ар түрдүү үй эмеректерин беришет. Бирок мындай белектерди көпчүлүк учурда жаш үй-бүлөнүн өкүл ата, өкүл апалары тартуулашат. Ал эми туугандары, кошуналары чакырса кийим-кече, идиш аяк ыроолошот.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева отко киргизүү каадасы бүгүнкү күндө да унутта калбай ата-салтынын уланып келе жатканын айтып, бул салтты турмушунда колдонуп келерин кошумчалады.

"Отко киргизүү чоң философияга ээ каадалардын бири. Мен өзүм үйгө отко өкүл балдар, кыздарымды, туугандарымдын балдарын чакырам. Отко киргизүүдө ар бир жакта ар түрдүү ырым-жырымдар жасалат. Мисалы, мен өзүм түштүк тараптан болгондуктан биз жакта жаңы үйлөнгөндөрдү отко киргизип чакырганда ак килем салабыз. Колуман келген дасторконду жайып аларга ак батабызды берип, кетээрде бир нерсе ырымдайбыз", — деди депутат айым.

Ал эми жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар Бекболот Сыдыков менен Нуржамал Жумалиева үйлөнгөндөрүнө эки айдан ашса дагы отко киргизип чакыргандардын аягы суюла электигин белгилешти.

Экинчи көчмөндөр оюндарынын алкагындагы Кырчын жайлоосунда театралдык шоу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жөлөп-таяп, кеңешип-таңашып... Кыргыздагы катыштын орду тууралуу
"Отко киргизүү салты айрыкча айыл жергесинде көп болот эмеспи. Үйлөнүү тоюбуздан кийин эле атамдын, апамдын туугандары "шаарга кетип калгычакты" деп биринин артынан бири отко киргизип чакырышты. Айылдан андай чакырган жерлерге кайнене, кайнатабыз менен бирге барып жаттык. Азыр шаарда өзүбүз элебиз. Туугандар чакырып калса өзүбүз эле барууга туура келип калат. Отко киргизгендердин көбү идиш-аяк, үй буюмдарын беришти", — деди жаңы келин Жумалиева.

Келин келгенден белгилүү убакыт өткөндө кийин өзүнүн ата-энесиникине барышы төркүлөө деп аталат. Кыз төркүлөгөндө түз эле өзү кирип барбай, күйөөсү, кайната-кайненеси менен белгилүү ырым-жырымдарды жасап, шаан-шөкөт менен барат. Бул күйөө баланын отко кириши болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0