Бүгүн юридикалык жактардан салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

© Фото / пресс-служба ГНССалык декларациясын тапшыруу. Архив
Салык декларациясын тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декларацияны убагында тапшырбаган юридикалык жактар 5 000, ал эми жеке жактар 2 000 сом өлчөмүндө айыпка жыгылат.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бүгүн, 28-февралда юридикалык жактардан бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу аяктай турганын Мамлекеттик салык кызматы эскертүүдө.

Салык органдары документтерди түнкү 12.00гө чейин кабыл алат.

"Юридикалык жактар 2016-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу салык органдарына отчёт берүүлөрү керек. Бирдиктүү салык декларациясын кыргызстандык уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, өлкө аймагында туруктуу мекемени түзүү менен ишмердигин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар берүүгө милдеттүү", — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, жеке жактар салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керек. Декларацияны убагында тапшырбаган юридикалык жактар 5 000, ал эми жеке жактар 2 000 сом өлчөмүндө айыпка жыгылат.

Толук маалыматты 194 номери жана www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Бирдиктүү салык декларациясын ким, кантип жана кайсы убакка чейин тапшыруу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0