Жоголгон балыкчы жигиттерди издөө туугандарынын макулдугу менен токтотулду

Жазылуу
Алар Күрмөнтү айылынын тургундары 35 жаштагы Айбек Эталиев жана 27 жаштагы Урмат Суркашкаев аттуу адамдар болгон.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мындан 28 күн мурда Ысык-Көлдө балык уулоого кетип, ошол бойдон дайынсыз болгон эки кишини издөө иштери туугандарынын макулдугу менен толук токтотулду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучулар 4-кабаттан секирүүгө камданган аялды аман алып калышты
"Издөө иштери ошол күндөн тартып ӨКМнин куткаруучулары, жергиликтүү тургундар, райондук ИИБдин кызматкерлери тарабынан атайын күч жана каражаттардын жардамы менен издөөгө алынып, бирок табылган жок", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 30-январда жоголгон балыкчыларды издөө 31-январдан 10-февралга чейин уланып, жыйынтык болбогондуктан убактылуу токтотулган. 20-февраль күнү кайрадан издөө иштери башталып 10го чукул куткаруучу тартылган.

Алар Күрмөнтү айылынын тургундары 35 жаштагы Айбек Эталиев жана 27 жаштагы Урмат Суркашкаев аттуу адамдар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0