Базар-Коргондо жетим балдарга жарым миллион сом таратылды

Жазылуу
Аталган акча жардамга муктаж болгон 25 жетим балага таратылды.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук хатибияты 25 жетим балага 550 миң сомдук акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

Маалыматка ылайык, жардамга муктаждардын ар бирине 22 миң сомдон таратылды.

"Аймактагы ата-энесиз калган 25 жетим балага жардам көрсөтүү максатында ИТАР фонду менен биргеликте кайрымдуулук иш-чарасын уюштурулду. Жардам акчасын алуу үчүн ар бир бала атайын тастыкталган документтери менен тиешелүү иш кагаздарды тапшырышкан. Биздин башкы максатыбыз — муктаждарга колдоо көрсөтүү", — деп жазылат маалыматта.

Муну менен катар райхатиб жалпы катышуучуларга Ислам дининин баалуулуктары, кайрымдуу иштердин соопторунун улуулугу тууралуу айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0