Борбор калаанын айрым жерлеринде эртең суу берилбейт

Жазылуу
28-февралда саат 09.00дөн 17.00гө чейин оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөрүн мэриядан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, суу берүү оңдоо иштерине байланыштуу үзгүлтүккө учурайт.

"Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жаңы конуштарында, Ататүрк-Ала-Тоо университетинде, №93 кесиптик лицейде, республикалык МАИде жана "Аю Гранд Комфорт" соода борборунда сегиз саатка суу берилбейт", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Достоевский, Горький жана Ауэзов көчөлөрүндөгү бир катар мекемелерде дагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы тургундарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0