Араванда кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактан 4 үй-бүлө көчүрүлдү

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүТерезенин жанында отурган аял. Архив
Терезенин жанында отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда төрт үй-бүлө коопсуз жерге жайгаштырылды. Эми дагы эки үй-бүлөнү көчүрүп кетүү маселеси каралып жатат.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Ош облусунун аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жаралган тилкелерди аныктоо иштери жүргүзүлгөнүн ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Араван районуна караштуу Чөгөм айылында, Тектир, Чоң-Тектир жана Чүнүр участкаларындагы алты турак жай кооптуу аймакта жайгашканы такталган.

"Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу акт түзүлүп, төрт турак-жай ээлери убактылуу туугандарынын үйүнө көчүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Учурда калган эки үй-бүлөнү көчүрүү жагы каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0