Жибек Нукеева учурда Ысык-Көлдө, абалы оор

© Фото / Жибек НукееваОбладательница титула "Мисс Кыргызстана-2013" Жибек Нукеева
Обладательница титула Мисс Кыргызстана-2013 Жибек Нукеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ менен Израилдин лабораторияларынан заманбап генетикалык-молекулярдык тесттерди тапшырган Жибек Нукеева алардын жообун Ысык-Көлдө күтүүдө.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Өткөн айдын аягында дарылануу үчүн Италияга кеткен Жибек Нукеева учурда Ысык-Көлдө. Бул тууралуу теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. 

"Эжелери Мария менен Мединанын айтымында, Көлдүн таза абасы Жибектин абалына жакшы таасир этип жатыптыр. Аны Италия жана Израилдеги клиникага алып барып келишти. Азыркы абалы туруктуу, бирок оор. АКШ, Израилдин лабораторияларынан генетикалык-молекулярдык тесттер тапшырылды. Бул тесттер медицинадагы эң жаңы жетишкендиктер. Алардын жыйынтыгы чыкканда шишикти басаңдатуу үчүн Жибекке кайсы дарылар туура келери аныкталат", — деп жазды Молдокматова.

Эске салсак, Жибек Нукееванын оорусуу тууралуу суук кабар өткөн жылдын аягында социалдык тармактарда тараган. Жибек өзү Facebook баракчасы аркылуу элге жардам сурап кайрылган.

Ал эми январь айынын аягында "Кыргызстан сулуусу — 2013" наамынын ээси дарылануу үчүн Италияга кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0