Мэрия: Текебаевдин тарапташтары митинг өткөрүүгө уруксат алган эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева в Бишкеке
Митинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камакка алынган депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары нааразылык акцияларын дүйшөмбү күнү улантарын айтышкан.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкекте бүгүн өтө турган митингге кечээ УКМКнын алдында өткөн акциядай эле уруксат берилген эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэриянын маалымат кызматы билдирди.

65-й Каннский кинофестиваль - Sputnik Кыргызстан
Леонид Маевский Текебаев менен кандайча жолукканын айтып берди
Кечээ кармалган депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары бүгүн саат 13.00дө митинг өткөрүүнү пландап жатышат. Ушундай эле акция кечээ, жекшемби күнү УКМК имаратынын алдында өткөн.

Мэрия митинг өткөрүүгө эч ким уруксат сурап келбегенин белгиледи. Ал эми шарт боюнча митинг тууралуу муниципалитетти үч күн мурун кабардар кылуусу керек.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Текебаевди жекшембиде түнкү саат 3.30да "Манас" аэропортунан кармап кетишкен. УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камалган. Ага чейин депутатка "коррупция" жана "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголгону маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0