Нарындын балбандары жаңы имаратта машыга баштады

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүПодготовка женской сборной по вольной борьбе к Олимпийским Играм
Подготовка женской сборной по вольной борьбе к Олимпийским Играм - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептин курулуш иштери 2016-жылдын 1-апрелинде башталып, жалпы наркы 31 миллион 543 миң сомду түзгөн.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Нарын шаарында Сүйүндүк Бекманбетов атындагы эркин күрөш боюнча спорт мектебинин жаңы имараты иштеп баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

Билдирмеге караганда, эркин күрөш боюнча спорт мектебинин ачылыш аземине вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев, облус жана шаар башчылары, ишканалардын жетекчилери, спортчулар жана шаар тургундары катышкан.

"Мектептин курулуш иштери 2016-жылдын 1-апрелинде башталып, жалпы наркы 31 миллион 543 миң сомду түзгөн. Анда спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн", — деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган мектепте жалпы 260 спортчу машыгып, 12 машыктыруучу эмгектенип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0