ИИМ: Текебаевдин тарапташтары жолду буугандыгы үчүн камакка алынды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүОперация правоохранительных органов Киргизии в Бишкеке
Операция правоохранительных органов Киргизии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" аэропортуна кеткен жолду тоскон жарандар кармалып, тогуз адам камакка алынды.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары жол буугандыгы үчүн кармалышканын Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңда УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды

"Жекшемби күнү түнкү саат 03.30да депутаттын тарапташтары "Манас" аэропортуна кеткен жолду Honda Fit унаасы менен жаап коюшкан. Мындай кадамга барган адамдар милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Сокулук райондук соту тарабынан төрт адам беш күнгө, дагы төртөө эки күнгө жана бир адам 24 саатка камакка алынды", — деп жазылат маалыматта.

Башкы прокуратура депутатка "алдамчылык" жана "коррупция" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0