23:26 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
дин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, алтын үндүү, кыргыз элинин бели бекчейген кемпиринен тарта бешиктеги баласына чейин кереметтүү добушу менен таанымал диктор Гүлшан Молдоева

Гүлшан Молдоеванын айылга каты. Өз үнүнөн чочуп чаң салган чоң эне, каткырган чалы

© Фото / Бакыт Мейманбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (55)
134580

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, алтын үндүү, кыргыз элинин бели бекчейген кемпиринен тарта бешиктеги баласына чейин кереметтүү добушу менен таанымал диктор Гүлшан Молдоева айылына кат жазды.

Айылына ааламга батпагандай сүйүүсүн арнаган бул кат көптөрдү кайдыгер калтырбай турган өңдөндү. Каармандардын арасында өз үнүнөн өзү чочуган Кашымкан чоң эне, маркум Бакыт Букаев туурасында да эскерүүлөр бар.

Жүрөктү болк эттирген кат

Мага айылга кат темасы сунушталганда тээ алыста калган бактылуу балалык күндөрүм бир сыйра эсиме түшүп, жүрөгүм бир "болк" этип алды. Атпегендечи. Мен үчүн айылым киндик кан тамган асыл журтум, кең турагым. Дүйнөдөгү эң ыйык, бийик ата-энем менен, канат-бутагым болгон бир туугандарым менен аман-эсен түгөл бапырап, өзүнчө эле бир шаар болуп бактылуу жашаган күндөрүм бир сыйра көз алдыма тартылды. Шаар дегеним алтындай апакем Кенжекан 11 баланы төрөп, багып өстүргөн бактылуу Баатыр эне. Атакем Абыкай Темир айылындагы Ырыстай тукумунан чыккан Тынай бийдин небереси. Айылдын кадыр-барктуу, нарк-насилдүү, урматтуу инсаны эле. Атабыз кыз-балдарга өзгөчө мамиле жасап, уулдарына дайыма "Кыздарды сыйлагыла. Кыз бала уядан учкандан кийин эле турмуш куруп кетишет, алар биздин сый коногубуз" деп көп айтаар эле. Тентек классташ балдарыбыз бизди, кыздарды, ыза кылып койсо эринбей мектепке барып, маселени жылуу-жумшак гана оңунан чечип койчу. "Эй, Абыкайдын кыздарына тийбегиле" дешип, жоош кыздардын айласын кетиришчү. Мен карап турамбы, боорум ооруп кетип, болуша кетем. Кандай гана соонун күндөр. Ошентип чын эле асыл атакем айткандай, мектепти аяктагандан кийин асыл журтум айылыма, аска-зоодой атакеме, берекеси беш салаасынан куюлуп, кут чачкан апакеме конокко гана барып калдык.

Буурчак-буурчак кеткен жаш…

Жаратылыштын мыйзамы өз өкүмүн жүргүзөт тура. Уядан учкандан кийинки алгачкы күндөрү эч качан эстен кетпей жүрөгүңдүн бир четинде, сени менен кошо жашап келет тура. Оо, андагы айылга болгон сагыныч, кусалык, кайра кайрылып барбоочудай, жүрөктү зырпылдатып, ыйлагыңды келтирип өзүңдү коёрго жер таппай "Айланайын айылым, мен сени сагындым" деп бакырып-бакырып, бугуңду чыгарып алгың келгеничи. Ал эми ата-эне, бир туугандарыңды айтпай эле коеюн. Анан сагынычыңды каттан чыгарасың. Кат жазып жатып, көзүңдөн тамган жашың да бүктөлгөн барак менен кошо кетет. Атакем берекем өтө кыраакы адам эле. "Балам сагынган экен, ал келе албайт. Байбиче, үйдүн тамагынан арбын алып, кыздарыңа барып кел" деп жөнөтчү экен кийин билсем. Ошондон кийин кат жазганда канчалык эреркеп кетсем да, абайлачу болгом. Азыр да ушул катты жазып олтуруп, алтын ата-энемди эстеп алып көзүмдөн буурчак-буурчак жаш кетти. Атаңдын кана көрү дүнүйө, азыр экөө тең бул жарык ааламда жок. Мен үчүн ошол учур абдан бактылуу учур болчу…. Алыкулдун ырларын жакшы көрөм, өзгөчө, "Айылыма" деген ырындагы

Көргүм келет өзөндөрүн, сайларын
Энем менен атам баскан жайларын
Көргүм келет, көргүм айлымды
Көргүм келет эмгек бөлгөн айларын.

Өз үнүнөн чочуп чаң салган Кашымкан чоң энем

Ооба, ошондогу айылдын аксакалдары аппак сакалдарын жайкалта көчө толо басканда, көркү болуп, көзүмө бир башкача көрүнчү. Темиркан чоң ата, Тоголок чоң ата, Сагаалы чоң ата, Жумаалы чоң ата деген карыялар болоо эле. Алардын оозунан эмне чыкса, жан дилибиз менен аткарганга аракет кылып калчубуз. Анда эмне, телевизор чанда гана үйдө бар, магнитофон дегенди көбү билелек. Атам магнитофон алып келгени Фрунзеге жөнөп кетти. Бизде уйку жок. Түнү менен кирип келчүдөй, шырп этсе эле атып турабыз. Ошентип үстүндө магнитофону, астында радиоприемниги бар далдайган радиоприемник алып келди. Ошондогу сүйүнгөнүбүздү айтпагыла. Улуу эжем Гүлмира баарыбыздын үнүбүздү жазат, мен аларды катарга тизип улам-улам бирден чыгарып ырдатып, сүйлөтүп кайра угузабыз. Ошентип айылдын балдары дагы бири-биринен угуп тынбай келе баштады. Үндөрүн угуп алышып, абдан таң калышат. "Ой, чын эле ушул менби" деп ишенбегендеричи. Дагы бир кызык окуя. Жумаалы чоң атабыз кемпири Кашымкан чоң эне менен таяктарын таянып, жетелешип келип калышты. "Биздин үндү дагы жазчы угалы, элдин баары уу-дуу болуп эле жатышат, айланайындар" деп калышты. Аларды жылуу-жумшак олтургузуп, жомок айттыра баштадык. Эмне десек, баарына даяр. Жумаалы чоң ата санжыра да айтып берди. Баарын жаздырып, кайра угуза баштаганда эле Кашымкан чоң эне тура калып таягы менен качырып кирсе болобу. Түшүнбөй эле калдык. "Кантип эле мен ушинтип калайын, өлүгүңдү ит жегир!" деп эжемди бир топ урушту. Көрсө, ал энебиз мурду менен киңкилдеп сүйлөчү, анысын магнитофондон угуп аябай чочуп кетиптир. Чоң эненин эмнеге чаң салган себебин билгенден кийин Жумаалы чоң атабыз отурган жеринен тура албай, сүйлөөгө да алы келбей, ичин кармап боору эзилгенче күлгөнүн көрсөңөр… Ошолорду көп эстейм. Кайран гана карыларыбыз, ырыскы-кут баары силерде гана бардай сезилчү. Ананчы, алар мага опол тоодой чоң көрүнүшчү. Калдайган караандары, жайкалган сакалдары, апапакай жоолуктары айылга өзгөчө бир көрк берип турар эле.

Ооба, менин айылым кышында ак кар богуп, жазында гүл аңкыган жыпар жыттуу, жайында шакардай кайнаган тирилик, коңур күздө дүйүм жемиш бапырап, аркасы калдайган күнгөй Ала-Тоо, алдыда мелмилдеген Ысык-Көл чулгаган Темир айылы! Ат жайлоо, Карагай-Булак, Алкым, Чоң Ак-Суу, Кырчын жайлоолорун жайлап, суусун ичип, көлгө түшүп, айылымдын таза абасы менен куттуу уяда жетилдик.

Расул Гамзатов Дагестанын дүйнөгө жар сала даңазалап, өз элинин чыныгы патриоту аталган улуу акын. Анын "Менин айылым. Менин тоолорум. Менин Дагестаным. Бул менин ойлорумдун сезимдеримдин умтулууларымдын уясы. Дал ушул уядан канатын таранган балапан сыңары мен өзүм учуп чыккам. Ушул уядан бүткүл ырларым көтөрүлдү. Дагестан —менин жылуу очогум. Дагестан — менин бешигим" деп Дагестандын баа- баркын дүйнөгө жар салган акын. Ааламга жол айылдан башталат.

Былтыр Темир айылынын уюшулганына 100 жыл толуп кичи мекенибизден чыккан бардык атак-даңктуу инсандар башында туруп, бул юбилейди жогорку деңгээлде өткөрүп, облус боюнча биринчи орунду багындырдык. Кичи мекенимдин атын алыска чыгарып баркын бийик көтөрүп жүргөн атактуу инсандар менен сыймыктанам. Гамзатовдун "Эгер сенин ким экениңди сураса паспортуңду көрсөтөсүң, ал эми элиңдин ким экенин сураса элиңден чыккан инсандарды көрсөтөсүң" деп айтканы бар эмеспи. Мен сыймыктанган менин айылымдын чыгаан атактуу инсандары Кыргыз Эл жазуучусу Олжобай Орозбаев, КРдин Эмгек сиңирген артисти Чалагыз Исабаев, КРдин Эл артисти Жамал Сейдакматова, физика-математика илимдеринин доктору, академик Сарбагыш Абдрахманов, педагогика илимдеринин доктору, академик Жоомарт Байсалов, филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Маразыков, техника илимдеринин доктору, профессор Канатбек Турусбеков, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер белгилуу драматург Кайрат Иманалиев дагы тизме уланып кете берет.

Айылга ат көтөргүс эмгек кылып кеткен Бакыт Букаев…

Көл толкуйт. Толкундары көк ирим,
Көл жээгинде орун алган Темирим
Бир өзүңдөн нечен инсан өнүккөн
Ырыскыны берген сымал Теңирим деп Темир айылынын дагы бир чыгармачыл уулу Бакыт Букаев, айылымдан чыккан чыгаандарды даңазалап чоң китеп чыгарган. Алтындай уулубуз бар эле ажал арабыздан эрте алып кетти. Ажалга айла жок экен, жоктоп кала бердик. Кара сумкасын жонуна илип алып "Эжеке, эч кимди унуткан жокпузбу китеп чыкканда уят болуп калбайбызбы. Бул китепти айылыма арнаган арзыбас эмгегим деп эсептейм" деп буту-бутуна тийбей жүгүрүп жүрүп чыгарган. Айылга чоң эмгек кылып кеткен Бакыт иним. Мен жогорудагы Темирдин атактууларынын азын гана мисал кылдым. Алар Бакыттын 500 беттен турган китебине араң баткан. Мына, менин айылым алтын уям менен кантип даңктанбайм да, кантип сыймыктанбайм. Алардын ар бири кыргыз эли үчүн опол тоодой эмгек кылган инсандар. Куттуу айылымдан чыккан айланайын чыгаандар, ар бириңе чын жүрөгүмдөн ийгилик каалайм. Кичи мекенимдин баа-баркын, даңазасын дагы да бийик көтөрө бергиле асылдарым! Уучубуз узарып жаштарыбызга ыйман берип сиздердин түзүп кеткен даңгыр жолду татыктуу, таза улап кетишсин.

Урматым менен, кызыңар Гүлшан Молдоева.

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (55)

Тема боюнча

Аскат Мусабековдун айылга каты. Комбайнчы байкелер, акыңарды арзан эле кылгылачы
Саламат Садыкованын айылга каты. Килем токугандагы кыялдар жана ырчылык
Белгилер:
айылга кат, Гүлшан Молдоева, Бакыт Букаев, Темир айылы, Ысык-Көл облусу
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ