Бишкектеги театр актрисасы: жинимди кашайткан 6 көрүнүш

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүү"Ленфильм". За кадром
Ленфильм. За кадром - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинотеатрда жүрүп жаткан тасманы уюлдук аппаратка тартсаңыз администрация кызматкерлери сиз менен сүйлөшүп отурбастан сыртка чыгарып коет. Театрда болсо андай эмес, бирок сахнадагы Жульетта бул учурда сизди көзүнүн агы менен карап жатышы мүмкүн.

БИШКЕК, 26-фев. – Sputnik. Бишкектеги театрлардын биринин актрисасы көкөйүнө көк таштай тийип, ачуусун келтирген көрүнүштөр тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди. Албетте, артисттин аты аталбайт.

Электроника дүкөнүндөгү сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Электроника буюмдарын саткан соодагердин жинин келтирген учурлар
Спектакль жүрүп жатканда кээ бирлер телефонун өчүрүп койбойт. Спектакль башталар алдында кыргызча, орусча бир нече ирет көрүүчүлөрдөн телефонду өчүрүп же үнүн азайтып коюу керектиги эскертилет. Бирок жумуштары өрттөнүп кетчүдөй суранычты аткарышпайт. Образга бериле ролду аткарып жаткан маалда бирөөнүн телефону шыңгыраса актерлор үчүн абдан эле жагымсыз.

Театрга кечигип келүү маданиятсыздыктын туу чокусу! Шашып кирип келген адам көрүүчүлөрдүн көңүлүн, актерлордун оюн бөлөт.

Театрга көчөгө кийген кийим менен келишкенде ичиң муздай түшөт. Театр ыйык болгондуктан, ал жакка бир аз таранып алып келген ашыктык кылбаса керек.

Спектакль тууралуу ой чабыттарыңызды антракттагы убакытка калтырганыңыз оң. Себеби актерлор ойноп жаткан маалда кол чаап, ышкырып, кыйкыргыдай футбол көрүп жаткан жоксуз да.

Көчө тазалап жаткан Тазалык ишканасынын кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Көчө шыпыргычтардын жанын кашайткан 6 көрүнүш
Спектаклдин жүрүшүн видеого тарткан адамдарды такыр түшүнбөйм. Муну көбүнчө өспүрүмдөр жасашат. Биринчиден, театрдын эрежелери боюнча соткага тартканга болбойт. Экинчиден сиз ал видеону эмне кыласыз? Сатасызбы же тыныгуу учурунда классташтарыңызга көрсөтөсүзбү?

Өзүбүздүн таланттарды баалай албаган көрүүчүлөр капа кылат. Чет мамлекеттен келген көчмө театр жамааттарына 2000 сомдон төлөп кирүүгө даяр болгон көрүүчүлөр бар. Алардын кээси жергиликтүүлөрдөн жаман аткарса дагы ошончо акча төлөгөнгө даяр. Ичтен сызып эле каласың.

Жаңылыктар түрмөгү
0