17:20 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Депутат ЖК 6 созыва Каныбек Иманалиевдин архивдик сүрөтү

Текебаевдин кармалышы боюнча депутат Иманалиев оюн билдирди

© Фото / пресс-служба ЖК КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (88)
172840

Жекшемби күнү түшкү саат 13:00дө УКМК имаратынын алдында Текебаевдин тарапташтарынын митинги өтөт.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши "ушак жана жалган маалыматтын" негизинде козголду. Бул тууралуу аталган фракциянын депутаты Каныбек Иманалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Буга чейин, эл өкүлүнө карата "коррупция" жана "алдамчылык" деген беренелер менен кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалымдалган.

Иш УКМК тарабынан түшкөн материалдарды иликтөөнүн негизинде козголгон. Атайын кызматка Текебаевди сот жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү менен Россиянын телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевский кайрылган.

Арызда Маевский Текебаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда ага MegaCom компаниясын алууга жардам берем деп андан бир миллион доллар алганы айтылган.

Жекшемби күнү түнкү саат үчтөр чамасында Текебаев Венадагы иш сапарынан кайтып келгенден кийин "Манас" аэропортунан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, эл өкүлү 48 саатка камалды.

Тема:
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (88)

Тема боюнча

УКМК Текебаевди 48 саатка камады
Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча "Ата Мекен" жооп берди
Башкы прокуратура Текебаевге козголгон кылмыш иштин чоо-жайын түшүндүрүп берди
Белгилер:
аэропорт, камак, депутат, УКМК, Өмүрбек Текебаев, Каныбек Иманалиев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ