Келечектеги тикмечи, ашпозчу, почточуларын деңгээли текшерилет

Жазылуу
Март айында професионалдык лицейлердин бүтүрүүчүлөрүн көзөмөлдөө боюнча жаңы ыкма боюнча 94 окуу жайдын кызматкерлери даярдыктан өтөт.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ушул жылдын январь айынан тарта Баштапкы жана орто билим берүү агенттиги профессиондык лицейлердин бүтүрүүчүлөрүн жаңы система аркылуу көзөмөлдөй турганы Билим берүү министрлигинин сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, процесс эки фаза менен бааланып, биринчисинде окуу жылынын аягында электрондук анкета толтурулса, тогуз айдан кийин жумушка орношууда билими канчалык жардам бергенин купуя айтып беришет.

"Анонимдик анкетанын жыйынтыгы окуу процессинин нугун керектүү багытка бурууга жана сапатты жакшыртууга колдонулат. Ошондой эле кадрларды даярдоонун эффективдүүлүгүн арттырып, рынокко талап кылынып жаткан кесип ээлерин даярдоого өбөлгө түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын март айында бүтүрүүчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча жаңы ыкма боюнча 94 окуу жайдын кызматкерлери даярдыктан өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0