Чүйдө мал чарбачылыгы жана жайыт боюнча окуулар уюштурулууда

Жазылуу
Аталган иш-чара буга чейин Талас облусунун 4 районунда өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Чүй облусунда малчылар жайыт жана мал чарбасы боюнча атайын окуудан өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Түшүм жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Фермерлерге берилчү насыянын төлөө мөөнөтү үч жылга узартылды
Маалыматка ылайык, учурда Чүй облусунун ветеринарлары үчүн "Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу" долбоорунун алкагында Ветеринардык палатанын адистери окутууларды уюштуруп жатат.

Иш-чара ветеринарлардын кесиптик жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, малдын ден-соолугун коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жайыт жерлерин пайдаланууну өздөштүрүүгө багытталган.

Буга чейин мындай окутуулар Талас облусунун төрт районунда өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0