Ошто 100 миң долларга виртуалдык клиника ачылды

© Sputnik / Евгений Самарин / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медициналык инструменттер. Архив
Ооруканадагы медициналык инструменттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Клиниканын ачылышы менен симуляциялык манекендер аркылуу студенттер оорунун белгилерин көрө алышат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Ош шаарында виртуалдык клиника ачылып, иштей баштады. Аталган медициналык мекеме Ош медициналык университети менен Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу фондунун биргелешкен иш аракетинин алкагында медицина факультетинде түзүлгөн. Бул туурасында ОшМУнун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, демилге "Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнүн реформалары" долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

Клиника ОшМУнун медициналык клиникасынын 4-кабатында жайгашып, педиатрия, терапия, хирургия, акушердик, гинекология, төрөт, жана жандандыруу бөлүмү сыяктуу 12 бөлүмдөн турат.

"Ал симуляциялык (машыктыруучу) препараттар, жогорудагы бөлүмдөргө ылайык адамдын дене мүчөлөрү сыяктуу манекендер, медициналык каражаттар менен камсыздалган. Виртуалдык клиникада симуляциялык манекендер аркылуу студенттер бардык оорунун белгилерин угуп, көрө алышат. Студенттердин билимин кеңейтүүгө дагы бир чоң мүмкүнчүлүк жаралды", — деп айтылат маалыматта.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, кесипкөй адистерди тарбиялоого багытталган клиника үчүн Швейцария элчилигинен 50 миң, ОшМУнун ички каражатынан 50 миң доллар каражат сарпталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0