Чоң-Алай: кар көчкүдөн жабыркагандарга 100 миң сомдон ашык каражат чогулду

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия схода снежных лавин в Чон-Алайском районе
Последствия схода снежных лавин в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогулган каражаттын 56 миң сому кырсык болгон күндүн эртеси жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Чоң-Алай районунда кар көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам иретинде 105 миң 020 сом чогулганын "Чоң-Алай элдик бирикмесинин" төрагасы Улукбек Карыбек уулу билдирди.

Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайдагы көчкү: энеси эки баласын калкалап, дагы экөөнү чыгарганга жетишпей калган
Эскерте кетсек, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында 19-февраль күнү таңга жуук кар көчкү жүрүп, эки үйдү басып калган. Ичиндеги адамдарды жергиликтүү тургундар чыгарып, бир үй бүлөнүн 3 жана 4-класста окуган уул-кызы каза болгон. Жалпы жонунан 11 киши жабыркап, 10 киши ооруканага жеткирилген.

Улукбек Карыбек уулунун айтканына караганда чогулган каражаттын 56 миң сому кырсык болгон күндүн эртеси эле жабырлануучуларга жөнөтүлгөн.

Мындан сырткары, "Элим барсыңбы?" коомдук фонду дагы атайын эсеп ачкан. Андагы чогулган каражаттын суммасы азырынча эсептеле элек.

Каражат чогултуу 20-мартка чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0