Улуттук университетте 10 млн. сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Архив
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Университеттин кызматкерлерине ашык көлөмдө акча төлөнүп келген.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Эсеп палатасы тарабынан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жүргүзүлгөн аудитте 9,9 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуулар болгону аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында каражаттын ашыкча чыгымы — 9,5 миллион сомду түзсө, анын ичинен: негизсиз төлөнгөн эмгек акылар – 2,9 миллион сом, дебитордук карыздарды эсепке алуу боюнча жашыруулар жана ашырылган насыялык карыздар – 6,6 миллион сом болгон. Окуу жайдын бюджетинин кирешеси ашыгы менен көрсөтүлүп, анын ичинен бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон ижара төлөмү – 0,4 миллион сом болгон.

Кол кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда былтыр коррупция боюнча 375 кызматкер соттолду
"Төлөмдөр Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тиешелүү корутундусу жок туруп, жумуш орундарын аттестациялоо боюнча жумушчу комиссиянын чечими менен гана жүргүзүлгөн. 2015-жылы бардыгы болуп, 2,2 миллион сом негизсиз төлөнгөн. Мындан сырткары, 2015-2016-окуу жылдарына карата 54 кызматкерге тиешелүү коюмдан ашык, 0,6 миллион сомго эмгек акылары, 2015-жылы факультеттин декандарына айкалыштырып иштегендиги үчүн тиешелүү коюмдан ашык 0,1 миллион сом эмгек акылары төлөнгөн", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, 2016-жылдын 1-январына карата КУУнун жана институттардын бухгалтердик эсебинде 5,5 миллион сомдук дебитордук карыз көрсөтүлгөн эмес. Институттарды жоюуга байланыштуу бул каражаттар өндүрүлүүгө жана калыбына келтирилүүгө жатпайт. Ошондой эле, КУУнун бухгалтердик эсебинде жатаканада жашагандыгы үчүн ижара төлөмү боюнча 1,1 миллион сомдук дебитордук карыз көрсөтүлгөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0