Шыкмаматовдун тарапташтары УКМКнын алдына чогулуп, депутатты бошотууну талап кылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг мусульман против публикаций в СМИ карикатур на пророка Мухаммеда
Митинг мусульман против публикаций в СМИ карикатур на пророка Мухаммеда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шыкмаматов бүгүн саат 10:00дөн бери УКМКда сурак берүүдө.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун тарапташтары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдына чогулуп, "боштондук, боштондук" деп кыйкырууда. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.

Ата-Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Алмамбет Шыкмаматов: эч жакка качпай, адвокат жалдайм
Эске сала кетсек, Башкы прокуратура Шыкмаматовго карата Эсеп палатасында аудитор болуп иштеп турганда мыйзам бузган деп иш козгогон. Депутат менен чогуу Эсеп палатасынын кызмат адамдарына "коррупция" жана "документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде айып тагылууда. Шыкмаматов бүгүн саат 10:00дө сурак берүү үчүн УКМКга келген.

Кабарчыбыздын билдиришинче УКМКнын алдына Шыкмаматовдун 60-80дей тарапташтары чогулган. Алардын арасында депутаттар дагы бар.

Чогулгандар оппозицияга карата куугунтуктоону токтотуп, УКМКнын жетекчиси Адил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылууда.

Коомдук тартипке көзөмөлгө милиция кызматкерлери көз салууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0