Киркоров Ала-Арчада эс алып жүрөт. Instagram баракчасынан алынган сүрөттөр

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Instagram пользователя fkirkorov. Российский певец Филипп Киркоров в ущелье Ала-Арча близ Бишкека
Снимок с социальной сети Instagram пользователя fkirkorov. Российский певец Филипп Киркоров в ущелье Ала-Арча близ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы бүгүн, жума күнү, шаардыктар үчүн шоу-концертин тартуулайт.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россиялык белгилүү ырчы Филипп Киркоров Instagram баракчасына Бишкектин жанындагы Ала-Арча капчыгайында эс алып жаткан сүрөттөрүн жарыялады.

Киркоров жума күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда "Я" деп аталган шоу-концертин берет.

"Бул Альпы эмес, бул Ала-Арча! Бишкекте өтчү "Я" концертинин алдында легендарлуу корукта эс алып жүрөбүз", — деп жазылат сүрөттүн түшүндүрмөсүндө.

Красоты Ала-Арчи

Публикация от Филипп Киркоров (@fkirkorov) Фев 24 2017 в 1:19 PST

Концерттин уюштуруучулары Киркоров сахнада 2,5 саат болорун айтышты. Өтө көп каражат жумшалган ажайып шоунун көркүн жүздөгөн костюм менен декорация, мыкты адистер чыгарары белгиленип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0