Президент авиакырсыктан жабыркагандарга берилген жардамдан кабардар болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял председателя Социального фонда Мухамметкалыя Абулгазиева
Президент Алмазбек Атамбаев принял председателя Социального фонда Мухамметкалыя Абулгазиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын чоо-жайын Мамлекеттер аралык авиациялык комитет иликтеп жатат. Келтирилген чыгымдар эсептелип, ал 195 миллион сомду түзгөн.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Boeing – 747 учагынын кыйрашынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге берилип жаткан жардам берүү боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 16-январда "Манас" аэропортунан анча алыс эмес жердеги Дача айылына жүк ташуучу учак кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга мамлекет тийиштүү жардамдарды берүүдө. Кырсыктын чоо-жайын Мамлекеттер аралык авиациялык комитет иликтеп жатат. Келтирилген чыгымдар эсептелип, ал 195 миллион сомду түзгөн.

Обломки самолета Boeing-747 потерпевшего крушение недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Дача айылындагы авиакырсыктын иликтөөсү интернетке чыкты
Атамбаев биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысына Дача конушунда трагедиянын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери тууралу маалымат берилди. Негизинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүн жана жапа чеккендерди утурумдук турак-жай, зарыл медициналык жардам жана дары-дармек менен камсыздоо, балдарды социалдык коргоо, алардын окуусун уюштуруу жөнүндө сөз болду.

Президент бул каргашанын кесепети тийген бардык жарандарга жардам берүү боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү улантуу зарылдыгын айтып, бир дагы киши мамлекеттин көӊүл сыртында калбашы керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0