Бишкекте окуучулардын предметтик сабактар боюнча шаардык олимпиадасы өтөт

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүИтоговое сочинение в российских школах
Итоговое сочинение в российских школах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиадага шаардагы университеттердин мугалимдери калыстык кылып, суроолор Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалат.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкекте окуучулардын шаардык олимпиадасынын III этабы 27-28-февралда өтөрүн мэриядан билдиришти.

Видеобайкоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин бардык мектептерине видеокөзөмөл орнотулат
Олимпиада Исхак Раззаков атындагы техникалык университетте (математика, физика, химия, информатика сабактары), №13 мектеп гимназияда (гуманитардык сабактар) өтүп, ага 327 окуучу катышат.

Олимпиадага шаардагы университеттердин мугалимдери калыстык кылып, суроолор Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалат.

Катышуучуларды каттоо саат 8:00дө башталып, олимпиада саат 9:00дөн тарта өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0