Кыргызстанга Twitter менен NASA изилдөө борборунун өкүлдөрү келет

© AFP / JONATHAN ALCORNКомпания Twitter в Санта-Монике, Калифорния
Компания Twitter в Санта-Монике, Калифорния - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик адистер менен жолугушуу үчүн кирүү акысы бекер.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкекте 28-февралда "TechWomen" делегациясы менен ачык жыйын өткөрүлөт. Анда дүйнөдөгү ири IT-компанияларды түзө алган аялдар катышат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады.

Жолугушуу Кыргызстандагы IT-форум менен информация-коммуникациялык технологиялар жумалыгына карата өткөнү жатат. Делегациянын курамында 16 адам бар. Ага илим, технология, инженерия жана математика боюнча адистер кирет. Ошондой эле ири компаниянын өкүлдөрү дагы келишет:

  • Нандини Рамани, Twitter компаниясынын вице-президенти;
  • Лидия Швец, NASA изилдөө борборунун программалык директору;
  • Рима Акрас, LinkedIn компаниясынын техникалык кызматкери;
  • Деванши Шет, Symantec компаниясынын башкы программалык менеджери;
  • Кико Смит, чукул тапшырмалар боюнча ага инженер.

Жолугушууга Кыргызстандагы IT-компаниялардын өкүлдөрү, Жогорку технологиялар паркынын резиденттери, мамлекеттик органдар, мамлекеттик эмес секторлор менен окуу жайлардын студенттери катышат. Башка каалоочулар алдын ала каттоодон өтүп бекер кирсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0