Ак таңдай акын Аалы Туткучев кыздуу болду

© Фото / предоставлено Аалы ТуткучевымИнтервью с акыном Аалы Туткучевым
Интервью с акыном Аалы Туткучевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркай акындын төртүнчү перзенти.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргыз-казактын кыйырына таанылган ак таңдай акын Аалы Туткучев кыздуу болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине "Эл ырчысы Эстебес" тобу билдирди.

Наристе жарык дүйнөгө кечээ, 22-февраль күнү келген. Эне-баланын ден соолугу жакшы экени белгилүү болду.

Төртүнчү перзентин көрүп жаткан Аалы акындын Нурамин, Нурилим аттуу уулдары жана Мөлтүр деген кызы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0