Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары алынууда

© пресс-служба мэрии города БишкекДемонтаж незаконных рекламных конструкций в Бишкеке
Демонтаж незаконных рекламных конструкций в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык бийлик ошондой калаанын көркүн бузган жарнамаларды алуу иши мындан ары дагы улантылаарын кошумчалайт.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган 50дөй жарнама такталары алынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-февралда Свердлов районунда жол боюнда мыйзамсыз орнотулган 50дөй жарнама тактасы алынган. Ал эми бүгүн Абдрахманов, Москва, Сүйүнбаев, Курманжан датка, Ибраимов, Шопоков көчөлөрүндө жана Чүй простектисиндеги жарнамалар алынат.

Шаардык бийлик ошондой калаанын көркүн бузган жарнамаларды алуу иши мындан ары дагы улантыларын кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0