УКМК Алмамбет Шыкмаматовду суракка чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековВручение национальной кинопремии Ак Илбирс
Вручение национальной кинопремии Ак Илбирс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура Шыкмаматовго карата Эсеп палатасында аудитор болуп иштеп турганда мыйзам бузган деп иш козгогон.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. УКМК "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовду суракка чакырды. Бул тууралуу маалыматты эл өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Шыкмаматовго карата Эсеп палатасында аудитор болуп иштеп турганда мыйзам бузган деп иш козгогон.

Шыкмаматов менен чогуу Эсеп палатасынын кызмат адамдарына "коррупция" жана "документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде айып тагылууда.

"Мага сурак боюнча чакыруу келди. Жактоочум бүгүн бошобогондуктан суракты бүрсүгүнкүгө жылдыруу боюнча өтүнүч кат жөнөттүк. Суракка бүрсүгүнү барам", — деди депутат.

Башкы прокуратура Шыкмаматов өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп "Барат Люкс" ЖЧКсынын тендердик арызына аялынын 2000-жылы өндүрүштөн чыккан Mercedes Benz Е 320 үлгүсүндөгү автоунаасын 14 637 долларга баалап, сатып жибергендигин айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0