Өмүрбеков: табарсыгы сыртына чыгып төрөлгөн баланын дагы үч кемтиги бар экен

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүГАУ КО "Региональный перинатальный центр"
ГАУ КО Региональный перинатальный центр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристеге операция жасалат, бирок бир аз убакыт күтүү зарылдыгы айтылды.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Табарсыгы сыртына чыгып төрөлгөн наристеге Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери операцияны туура жасагандыгын №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков№3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков
Детский хирург, профессор Талант Омурбеков - Sputnik Кыргызстан
№3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков

Эске салсак, операция жасалган жери ажырап кетип, акыбалы начарлаган бир айлык Жантай кечээ балдар ооруканасына жаткырылган.

"Бир айлык ымыркай кечээ биздин ооруканага оор абалда түштү. Алгачкы текшерүүлөр учурунда балага операция туура жасалганын көрдүм. Бирок ушул сыяктуу операциялардын 70 пайызында оорулуунун абалы операциядан кийин оорлошуп кетиши толук мүмкүн. Ошол себептен тигил же бул күнөөлүү деп мен айта албайм", — деди Өмүрбеков.

Шал болуп ооруган бөбөктүн апасы Ширин: балам баспаса да мойнун токтотуп калса экен - Sputnik Кыргызстан
Шал болуп ооруган бөбөктүн апасы Ширин: балам баспаса да мойнун токтотуп калса экен
Анын айтымында, наристе бир эмес, төрт оор кемтик менен төрөлгөн.

"Текшерүү учурунда табарсык жана жыныс органдарына байланыштуу төрт кемтиги бар экени белгилүү болду. Биз алардын баарын операция жолу менен ордуна келтирип, дарылап берүүгө дараметибиз жетет. Бирок операциялар этап-этабы менен жасалат. Буга убакыт керек", — деди башкы дарыгер.

Маалыматка караганда, профессор Талант Өмүрбеков жетекчилик кылган медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасында акыркы жылдары балдардын жыныс органдарындагы кемтиктерди четтетүү боюнча 400дөн ашуун операция жасалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0