Кар каатчылыгында калган чаткалдыктар жана жардамы жетпеген ӨКМ

© Фото / Зульфия ТургуноваПоследствия сильных снегопадов в Чаткальском р-не Ошской области
Последствия сильных снегопадов в Чаткальском р-не Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында кардын калыңдыгы эки метрге чейин жетип, ички чарбалык жолдор жабылган.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Калың кардан улам борбор менен байланышы үзүлгөн Чаткал районуна гуманитардык жардам жөнөтүлгөнүн ӨКМ билдирди.

Эске сала кетсек, Чаткал районунда 2017-жылдын 11-февралынан тартып тынбай жааган кардын натыйжасында Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында анын калыңдыгы эки метрге чейин жетип, ички чарбалык жолдор жабылган.

Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайдагы көчкү: энеси эки баласын калкалап, дагы экөөнү чыгарганга жетишпей калган
Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында жөнөп кеткен гуманитардык жардам жолдун катаалдыгынан улам жетпей келган. Бир унаа Таш-Көмүр шаарында, экинчиси Терек-Сай айылында токтоп калган. Бүгүн, 21-февралда, жардам жүктөгөн унаа сапарын улантып, Чаткалга сапар алды.

Тургундарына жардам иретинде 108 кг чай, 300 даана консерваланган балык, консерваланган 180 кг эт, 150 кг макарон жана 300 даана жууркан жөнөтүлгөн.

Ал эми Чаткалдын Ак Таш айылында 13-февралдан бери тынымсыз жааган кардан улам жолдор ачылбай жергиликтүү тургундар азык-түлүксүз калган. Бул тууралуу Ак Таш айылынын жашоочусу Жанарбек Рысдөөлөтов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, күн сайын 50 сантиметрге чейин кар жаап, учурда анын калыңдыгы 1,5-2 метрге чейин жеткен.

"Карды кайда күрөөрүбүздү да билбей калдык. Башкача айтканда карды үйүп жол ачканга орун жок. Ак Таш айылынан райондун борборуна же башка тарапка чыгууга жол жабык. Дүкөндөрдөгү азык түлүк биротоло түгөндү. Эл ачка калууда", — деди ал.

Рысдөөлөтов Ак таш айылында 170 түтүн 350дой жашоочу бар экендигин кошумчалады.

"ӨКМ тарабынан жиберилген жардам Ала-Бука районуна келип, бирок жол жабылгандыктан унаалар өтө албай тургандыгын уктук. Учурда Чаткал — Ала-Бука жолу ачылды. Бирок ӨКМдин гумжардамы бизге келген жок. Чаткал РИИБдин эки кызматкери жумуш сапары менен Ак-Таш айылына келип, бирок жол жабык болгондуктан төрт күндөн бери кете албай убара",— деди Рысдөөлөтов.

Ал жергиликтүү тургундар гуманитардык жардамды чыдамсыздык менен күтүп жаткандыктарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0