Айдоочулардын айынан Бишкек — Ош жолундагы ири тыгын пайда болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРАвтомобили застращавшие на трассе Бишкек - Ош из-за сошедших лавин
Автомобили застращавшие на трассе Бишкек - Ош из-за сошедших лавин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү атайылап карды атып түшүрүүдөн кийин көчкү жүрүп, Бишкек — Ош жолу убактылуу жабылган. Тазалангандан кийин да жолдогу кыймыл толугу менен жөнгө салынган жок.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош кан жолунда автотыгындан улам түндөн бери унаалар жылбай турганын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Дүйшөмбү күнү жолдун 223-224-чакырымдарында 14,4 миң метр куб кар көчкү атып түшүрүлүп, анын натыйжасында Бишкек — Ош жолу убактылуу жабылган. 21-февралга караган түнү саат 01.30да тазалангандан кийин жол кайрадан ачылган.

"Бирок арттагы машиналар жол эрежелерин сактабай, өтүп кетип жатып 3-4 катарга туруп калышкан. Мындай аракет каршы тилкеде келе жаткан транспортко тоскоолдук жараткан", — деп айтылат маалыматта.

Мекеме автотыгынды Жол ишканасы менен Кайгуул милициясынын кызматкерлери ушу кезге чейин жөнгө салып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0