Медакадемия жеке клиникалуу болот

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОорукананын операция бөлмөсү. Архив
Оорукананын операция бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аталган клиниканы куруу үчүн жер тилкеси каралууда.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жеке клиника кура турганын аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев тарабынан жаңы клиникага жер бөлүү маселеси каралууда.

"КММАга чындыгында атайын клиника керек. Анткени билим алган студенттер теориясын практика менен бекемдөөсү зарыл. Окуу жайдын жамааты демилгени колдогондорго ыраазычылык билдирет", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Гүлкан Молдобекова аталган демилгени колдоого алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0