Мургабдагы кыргыз балдар эне тилдеги китептерге муктаж

© Sputnik / Антон Уницын / Медиабанкка өтүүМектеп парталары. Архив
Мектеп парталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын Мургаб районунда бир катар кыргыз тилдүү мектептер бар.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Тажик тарап макул болсо март айынан тарта Бишкекте Мургаб районунда жашаган этникалык кыргыздардын балдары үчүн окуу жана адабий китептер чогултула баштай турганын журналист Элвира Акимова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Кыргыз тилин үйрөнүү китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча акыркы эки жылда 32 китеп чыкты
"Былтыр Памирдеги кыргыздарга бара жатканда Мургабга токтогонбуз. Жергиликтүү тургундарга жолугуп, мектептерин кыдырдык. Мугалимдер кыргыз китептери жетишсиз деп айтышты. "Мүмкүнчүлүк болсо чогултуп берсеңер" деген өтүнүчүн билдиришти эле. Мургабдыктарга китеп чогултуу демилгеси менен Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевге кайрылсак, ал Тажикстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, китептерди жеткирип берүү маселелерин чечип берерин убада кылды", — деди Акимова.

Анын айтымында, тажик тарап макулдугун берсе, март айында Бишкекте китеп чогултуу иштери башталат. Бул демилгени "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду колдоп, уюштуруу иштерин өз мойнуна алды.

Маалыматка караганда, Мургаб районунда бир катар кыргыз тилдүү мектептер бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0