Агрардык университеттин студенти Тайвандагы сулуулук сынагына катышып жатат

© Фото / Роза БегимкуловаКыргызстандык модель Айдана Мамажанова (ортодо)
Кыргызстандык модель Айдана Мамажанова (ортодо) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сулуулук конкурсунда жалпысынан 60 мамлекеттен келген кыздар күч сынашууда.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандык модель Айдана Мамажанова Кыргызстандын атынан Queen of Brilliancy International 2017 эл аралык сулуулук сынагына катышууда. Бул тууралуу World Beauty Congress уюмунун улуттук директору Амина Юсурова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Жаш муаглим Үмүт Кудайбергенова - Sputnik Кыргызстан
Модель болчу 21 жаштагы Үмүт кантип "эжей" болуп калды? Дил маек
60 мамлекеттен келген сулуулар таймашы 9-февралда Тайвандын борбору Тайбей шаарында башталган. Финалдык бөлүк 28-февралда өтөт. Аталган конкурска Кыргызстан биринчи жолу катышууда.

Юсурованын айтымында, Мамажанова "Кыргызстан сулуусу-2016" улуттук сулуулук сынагында биринчи вице-мисс болгон.

Айдана Мамажанова 18 жашта. Ал Скрябин атындагы Агрардык университетте окуйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0