Жалал-Абадда күч органдарынын кызматкерлери үчүн үй курулуп жатат

© Фото / Талгат БакиевСтроительство дома для сотрудников МВД в Джалал-Абаде
Строительство дома для сотрудников МВД в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп кабаттуу үйдүн курулушун өкмөт каржылоодо. Үй үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында бүткөрүлүүсү пландалып жатат.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн алгачкы ирет көп кабаттуу үй курулуп жаткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы маалымдады.

Курулуш иштери менен ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте таанышкан.

Турак үйдү куруучу компаниянын өкүлү үйдүн сапатына чоң көңүл бөлүнүп жатканын белгилеп, 2017-жылдын күз айларында бүтөрүн билдирген.

"Турак үйлөргө муктаж кызматкерлердин саны арбын. Учурда курулуп жаткан беш кабаттуу эки үйдө 100 батир болот. Бул кызматкерлердин муктаждыктарын орундатат деген ойдобуз", — деп билдирген Асанов.

Белгилей кетсек, көп кабаттуу үйдүн курулушун өкмөт каржылоодо. Үй үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында бүткөрүлүүсү пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0